• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына майрамдык маанай тартууланды

Коом 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында «Баары лыжа тебүүгө – 2024» спорттук иш-чарасы болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарада борбор калаанын төрт районунун реабилитациялык борборлорунун, интернаттарынын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн 400дөн ашык балдарына унутулгус эмоциялар жана майрамдык маанай тартууланды.

Иш-чара концерттик программа менен башталып, спорттук эстафеталар жана ар кандай оюн-зоок конкурстары уюштурулуп, жыйынтыгында ар бир балага белек тапшырылды.

Мындан тышкары, кышкы майрамдын катышуучулары үчүн ысык тамак уюштурулган.

Иш-чаранын максаты – кышкы спорттун түрлөрүн жайылтуу, ошондой эле балдарды жана өспүрүмдөрдү активдүү эс алууга, дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу болуп саналат.

Спорттук иш-чараны Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштуруп, ага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева катышты.

Пикир

Оставить комментарий