• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкекте бак-дарактарды санитардык бутоо иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Бишкек шаарында бак-дарактарды санитардык бутоо, авариялык жана куурап калган дарактарды алуу, сугат тармактарын тазалоо, ошондой эле түшкөн жалбырактарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Горький көчөсүндө Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин, Жибек-Жолу проспектисинде Жаш Гвардия бульварынан Фучик көчөсүнө чейин, Манас жана Тынчтык проспектилеринде Ормон-Хан көчөсүнөн Мамлекеттик резиденцияга чейин, Ибраимов көчөсүндө Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин, 7-Апрель көчөсүндө Чүй проспектисинен Түгөлбай-Ата көчөсүнө чейин, Анкара көчөсүндө Байтик-Баатыр көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин санитардык бутоо иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, жашыл аянттарга жана ирригациялык тармактарга кам көрүү "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий