• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү күнүнө арналган тегерек стол өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Бишкекте Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган “Балдар онкологиясы. Кечээ. Бүгүн. Эртең” аталышындагы тегерек стол өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлгинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын максаты - азыркы учурдун эң оор дарттарынын бири катары рак оорусуна көңүл буруу, балдардын бул дартын алдын алуу, аныктоо жана дарылоого көңүл буруу болуп саналат.

Тегерек столдун жүрүшүндө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онкология бөлүмүнүн кызматкерлери балдарды дарылоодогу ийгиликтери, ошондой эле 2021-жылдын августунда уюштурулган тегерек столдун жүрүшүндө аныкталган иштердин аткарылышынын жыйынтыгы менен бөлүштү.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гүлзат Маймерова белгилегендей, заманбап адистештирилген жардам көрсөтүү максатында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 70 орундуу балдар онкология бөлүмү жана жогорку дозадагы химиотерапия үчүн 10 койка уюштурулган.

“Эми балдар бардык керектүү консультацияларды бир клиникадан ала алышат. Ошондой эле лейкозду дарылоонун диагностикасы үчүн кымбат баалуу жабдуулар сатылып алынган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий