• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте башаламан соода түйүндөрүн алуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май районунда башаламан соода түйүндөрүн алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул жолу Киев жана Исанов, Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги мөмө-жемиш саткан 3 пункт, балмуздак саткан 2 муздаткыч демонтаждалды, ошондой эле соода эрежелери боюнча соодагерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Бул багытта иштер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий