• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Бишкекте батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМ куткаруучулары Ж.Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан №8 үйдүн 106-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1965-жылы туулган К.А.Д. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Эшик ачууга 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий