• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бир жуманын ичинде 28 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Бишкекте бир жуманын ичинде 3 миң 455 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

- 28 айдоочу мас абалында унаа башкарган;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 24;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 27;

- коопсуздук курун тагынбаган айдоочулар - 925;

- жасалма номер менен автоунаа башкаруу - 2;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 111. Башка жол эрежелерин бузуулар 2 338. Ал эми ар кандай эреже бузган 447 автоунаа айып короо жайына токтотулган.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий