• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Назик Уланова изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы дайынсыз жоголгон Уланова Назик Улановнага издөө салат. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 7-апрелинде саат 15.30дар чамасында Бишкек шаарынын Фирсов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, чачы орточо узундукта.

Өзгөчө белгилери: оң бутунда күйүктөн калган так бар.

Кийимдери: үстүндө кара түстөгү булгаары күрмө, көк түстөгү джинсы шым, кара түстөгү футболка, ак түстөгү спорттук бут кийим.

«Назик Уланованын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0771 14-11-90, 0500 33-99-66, 0500 79-33-33 и 102”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий