• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кайрат Иманалиев Түрк кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Баку шаарында өткөн министрлердин маалымат жаатындагы жогорку ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн 3-жолку отурумунун алкагында Түрк кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу жолугушууда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу иштериндеги маселелер кеңири талкууланды. Дүйнөлүк маанидеги мындай иш-чаранын жалпы Түрк дүйнөсү үчүн маанилүүлүгү белгиленип, анын мындан аркы келечегинде бардык тараптар кызыктар экени айтылды.

Мындан сырткары, маалымат жаатындагы демилгелер тууралуу сөз болуп, Түрк дүйнөсүнүн орток телеканалын ачуу маселеси каралып, анын маданий, саясий жана социалдык-экономикалык маанидеги алмашкыс аянтча болуп берээри ырасталып, ар тараптуу колдоого алынды.

Жолугушуунун соңунда баш катчы мындан аркы тыгыз кызматташууда натыйжалуу ийгиликтерди каалап, аталган иш-чарага катышып бергендиги үчүн министр башында турган жалпы кыргыз делегациясына ыраазычылык билдирди. Отурумдан кийин катышуучулар Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин бейитине барып, эстелигине гүл коюшту.

Андан соң министр Кайрат Иманалиев Гейдар Алиевдин музейи менен таанышып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий