• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жарандарды мыйзамсыз жоопкерчиликке тарткан милиционерлерге 77 кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Бишкекте далилдерди бурмалап, адамдарды мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тарткан милиционерлерге кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан көзөмөл иретинде текшерүү жүргүзүүдө Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, кылмыштуулуктун абалын жасалма түрдө жакшыртуу максатында, бети ачылбаган кылмыштар боюнча жабырлануучулардын колдорун жасалмалоо менен далилдерди бурмалап, кылмыш иштерди кыскарткан жана күнөөсү жок адамдарды мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тарткан фактылар аныкталды.

Көпчүлүк учурларда уурулук фактылары боюнча жабырлануучулардын аттарынан тосмо арыздарын жана жарашуу келишимдерин жасалмалап түзүшүп, колдорун коюшкан. Ошондой эле алардын көрсөтмөлөрүн жасалмалоо жолу менен кылмыш иштеринин материалдарына жалган маалыматтарды киргизишип, жарандардын жеке менчикке болгон укуктарын калыбына келтирбей, кылмыш иштерин мыйзамсыз өндүрүштөн кыскартышкан.

Ошону менен бирге аталган категориядагы кылмыш иштер боюнча кылмышка тиешеси жок адамдарды, алардын катышуусусуз ал кылмыштарды жасагандыгын күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндөгү көрсөтмөлөрүн жана башка кылмыш ишинин материалдарын бурмалап, процессуалдык документтерге колдорун жасалмалап коюшуп, кылмыш иштерди реабилитацияга жатпаган негиздер менен өндүрүштөн кыскартышкан фактылар орун алган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренесинин (кызматтык жасалмачылык), 358-беренесинин (кылмыш-жаза жоопкерчилигинен мыйзамсыз бошотуу) жана 361-беренесинин (далилдерди бурмалоо) негизинде 77 кылмыш иш козголуп, тергөө жүргүзүү Аскер прокуратурасына жана УКМКга тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий