• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте эл аралык кинофестивалынын ачылышы өттү

Маданият 0

Бишкек, 17.11.23. /Айпери Кожоева – Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында биринчи Бишкек эл аралык кинофестивалынын расмий ачылышы өттү.

Иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын министри Алтынбек Максутов, көптөгөн кино жаатынын өкүлдөрү жана чет элден келген коноктор катышты.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө биринчи эл аралык кинофестивалынын өтүп жатышы менен куттуктап, улуу кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде кинолор тарттылып жатканы биз үчүн чоң сыймык деди.

Маданият министри өз сөзүндө бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолду.

“Өлкө аралык кинофестивалы биринчи ирээт Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун колдосу менен биринчи ирет өтүп жатат. Бүгүнкү фестивалга Испания, Россия, Швецария, Германия, Шри Ланка, Ливия, Болгария, Өзбекстан, Түркия ж.б. өлкөлөр катышып жатат. Кино жаатындагы бардык иштеген өкүлдөрүн куттуктайм”, - деди Максутов.

Эскерте кетсек, кинофестеваль улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган.

Пикир

Оставить комментарий