• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте "Ядролук куралды жайылтпоо режимин бекемдөө" аттуу регионалдык семинар өз ишин баштады

Саясат 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Бишкекте “Ядролук куралды жайылтпоо режимин бекемдөө” аттуу эки күндүк регионалдык семинар өз ишин баштады.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, семинарга КР ТИМ башчысынын биринчи орун басары Асеин Исаев, Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков, БУУнун Азиядагы жана Океаниядагы тынчтык жана куралсыздануу боюнча аймактык борборунун директору Дипаян Басу Рэй, Ядролук сыноолорго толук тыюу салуу жөнүндөгү келишимге даярдык көрүү комиссиясынын жооптуу катчысы Роберт Флойд, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Россия Федерациясынын, Беларустун, Кытайдын, Пакистандын жана Ирандын тышкы саясат бөлүмдөрүнүн, илимий уюмдарынын жана эксперттик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышууда.

Министрдин биринчи орун басары Асеин Исаев саламдашуу сөзү менен кайрылып, ядролук куралсыздануу жана жайылтпоо маселелерин изилдөөнүн жана мазмундуу пикир алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Борбор Азияда ядролук куралсыз аймак түзүү келишиминин төрагасы катары Кыргызстан тарабынан аткарылган иштер жана Коомчулуктун, өзгөчө жаштардын куралсыздануу маселелери боюнча маалымдуулугун жана түшүнүгүн жогорулатууга багытталган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 5-мартты Куралсыздануу боюнча маалымдуулуктун эл аралык күнү деп жарыялоо боюнча резолюциясынын аткарылышы тууралуу маалымат берилди.

Массалык кыргын салуучу куралдар, атап айтканда, ядролук куралдар, ошондой эле кадимки куралдардын ири запастары жана алардын мыйзамсыз соодасы эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка жана туруктуу өнүгүүгө коркунуч келтирет. Өтүп жаткан семинар эксперттердин, жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнүн жана жаштардын көңүлүн Куралсыздануу жана ядролук куралдарды таркатпоо проблемаларына бурат, булар БУУнун Уставында бекитилген адамдык өнүгүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн ажырагыс куралы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий