• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионатынын расмий ачылышы болду

Спорт 0

Бишкек, 27.02.18. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында күрөш боюнча Азия чемпионатынын расмий ачылышы болду.

Салтанаттуу иш-чара өлкөлөрдөн келген спортчулардын парады менен башталып, жалпы катышуучулардын алдына Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков чыгып сөз сүйлөдү.

“Өкмөттүн атынан катышуучуларды жана конокторду куш келиптирсиздер дейм. Ушул чоң майрам менен куттуктайм, ошондой эле Азия чемпионатын биздин өлкөдө өткөрүүгө ишеним көрсөткөндөрү үчүн эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирем”,-деди Исаков.

Андан тышкары, өкмөт башчы күрөш Кыргызстанда тездик менен өнүгүп келе жаткан спорттун түрү экендигин билдирди. “Өлкөдө мушкерлердин саны дээрлик 20 миңге жетет. Биздин калк үчүн бул абдан жакшы сандар”,-деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, бүгүн эртең менен грек-рим күрөшү боюнча квалификация башталды. Жыйынтыгында эки кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков менен Урмат Аматов финалга чыгышты.

30 жуп медаль ойнотулат. 27-февралда башталган Азия чемпионаты 4-мартта жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий