• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте карылар арасында шахмат турнири өтөт

Коом 0

Бишкек, 02.11.17. /Кабар/. Бишкекте 3-ноябрда карылардын катышуусунда шахмат турнири өтөт.

Шахмат турнирди “AgeNet International” эл аралык геронтологиялык түйүнү калаа мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен биргеликте уюштурууда.

Иш-чарага шахматка кызыккан, ошондой эле Бишкек шаарынын карылар үйлөрүндө жашагандар жана Ардагер пансионунун камкордугундагылар катышат.

Мелдештин максаты – пенси курагындагы жарандардын жигердүү жашоо образын колдоо.

Оюндун жыйынтыктары боюнча акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Шахмат турнири 3-ноябрда Бишкек шаары Күреңкеев көчөсү 89а дарегинде саат 11:00дө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий