• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматы: "Жыйынды пост" системасы штаттык режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. 28-июлга караган түнү "Жыйынды пост" маалыматтык системасынын ишинде убактылуу үзгүлтүккө учураганы байланыш оператору тарабынан интернеттин өчүрүлүшүнөн улам болгон. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Байланыш оператору маалымдагандай, үзгүлтүккө учуроонун себептери базалык жабдууларда болуп, байланышты калыбына келтирүү үчүн 8 сааттан ашык убакыт талап кылынган.

Бул Казакстандын аймагында жүк ташуучу унаалардын Кыргызстандын кире беришине топтолушунун себеби болду.

Бүгүн, эртең мененки саат 8:20дан тартып байланыш кайра жандангандан кийин "Жыйынды пост" системасы штаттык режимде иштеп жатат жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн ташылып келген товарларды эсепке алуу эч кандай кечигүүсүз ишке ашырылууда.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Чек ара кызматы Казакстандын аймагында Кыргызстанга чыгуу тарапта жүк ташуучу унаалардын топтолуусу катталганын билдирген. Белгиленгендей, унаалардын топтолуусу “Ак-Тилек-автожол”, “Чоң-Капка-автожол”, “Чалдыбар-автожол”, “Ак-Жол-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайларында белгисиз себептерден улам Мамлекеттик салык кызматынын “Жыйынды посту” автоматтык маалыматтык тутумунун (АМТ) ишинде мүчүлүштүктөр катталгандыгы менен байланыштуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий