• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа ири жол кырсыгына себепкер болду – видео

Кырсык 0


Бишкек, 18.04.23./Кабар/. Бишкекте “Мадина” базарынын аймагында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта бара жатып, үч унааны сүзгөн.

“Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 24 жаштагы айдоочу рулга ээ боло албай калган.

Жыйынтыгында Mercedes-Benz унаасы Honda Stepwgn, Toyota Corolla, Toyota Camry үлгүлөрүндөгү унааларды сүзгөн.

Бактыга жараша жабыркагандар жок, унаа ээлери материалдык чыгым тартты.

Пикир

Оставить комментарий