• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “Өлбөс полктун” жүрүшү аяктады

Коом 0


Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын белгилөөнүн алкагында “Өлбөс полктун” жүрүшү өттү.

Жөө жүрүш Жеңиш паркынан башталып, Өчпөс отко чейин уланды.

Акциянын катышуучулары Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине таазим кылышты.

Эске салсак, Кыргызстан биринчи жолу “Өлбөс полк” акциясына 2012-жылы кошулуп, жүрүш Ош шаарында өткөн. Бишкекте “Өлбөс полк” акциясы 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Белгилей кетсек, оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда акыркы эки жылдан бери "Өлбөс полк" акциясы онлайн режиминде өтүп келген, бул ирет жүрүш кадимки режимде өттү.

Пикир

Оставить комментарий