• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте мамлекеттик түзүмдөр арасындагы спартакиада аяктады

Спорт 0

Бишкек, 17-апрель /Кабар/. Борбор шаардык Свердов районунда мамлекеттик түзүмдөрдүн спорттун 3 түрү боюнча спартакиадасы аяктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мелдештер футбол, волейбол жана сууда сүзүү боюнча өттү.

Ага райондук администрациянын, РИИБ, билим берүү борборлорунун, салык инспекциясынын, райондун жергиликтүү өз алдынча башкаруу башкармалыгынын жана башка кызматтардын курама командалары катышты.

Натыйжада, райондук билим берүү борборунун командасы 1-орунду ээледи. 2-орунду райондук салык кызматы, 3-орунду ички иштер башкармалыгы алды. Жеңүүчүлөргө кубоктор, дипломдор жана медалдар ыйгарылды. Ошондой эле, мыфкты спортчулар баалуу белектерге ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий