• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте “Манас” эпосунун жана Чыңгыз Айтматовдун мурасы – улуттук баалуулуктардын негизи” конференциясы өттү

Коом 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 30-мартта, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов «Манас» эпосунун жана Чыңгыз Айтматовдун мурасы — улуттук баалуулуктардын негизи» эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө илимий конференцияга түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү илимий ишмерлери да катышып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, түрк дүйнөсүнүн бир катар илимпоздору өз баяндамаларын жана рецензияларын видеоматериал, кайрылуу түрүндө жөнөтүшкөн. Бул өз кезегинде кыргыз эли жана илимий чөйрөсү үчүн чоң мааниге ээ.

«Бүгүн конференция жүрүшүндө биз «Манас» эпосу менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын окшоштуктарын салыштырып жатабыз. Биз Айтматовдун чыгармалары жана эпостогу үзүндүлөр аркылуу дүйнөнү ынтымакка, өнүгүүгө, толеранттуулукка жана боорукердикке чакыргыбыз келет. Анткени «Манас» эпосунун өзү жана Айтматовдун чыгармалары чоң гуманитардык капитал эмеспи. Аларда дүйнөлүк экономиканын темаларынан баштап, глобалдык коопсуздук маселелеринен тарта экологиялык көйгөйлөргө чейин адамзаттын жашоосунун бардык учурлары бар. Башкача айтканда, камтуусу чексиз. «Манаста» жана Айтматовдо зор идеялык мазмун бар», — деп белгиледи ал.

Сүйүнбек Касмамбетов түрк дүйнөсүндө «Манас» эпосу менен Айтматовдун чыгармалары абдан популярдуу экенин эске салды.

«Бүгүнкү күндө түрк дүйнөсүндө Чыңгыз Айтматовдун бардык жыйнактары жана чыгармалары, «Манас» эпосунун бардык томдору жана анын айрым эпизоддору басылып чыгып, кайра басылып чыкты. Бул биздин улуттук сыймыгыбыз», — деди ал.

Иш-чаранын соңунда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов конференциянын жыйынтыгы боюнча бул жыйында сүйлөгөн сөздөрдүн эң маанилүү үзүндүлөрү чагылдырылган жыйнактар чыгарын билдирди.

Конференцияга ишине ошондой эле саясий илимдердин доктору, профессор Жумагул Сааданбеков, академик Абдылдажан Акматалиев, академик Абдыганы Эркебаев жана академик Осмонакун Ибраимов, ошондой эле белгилүү окумуштуулар, эксперттер, маданият ишмерлери жана журналисттер катышты.

Пикир

Оставить комментарий