• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Пакистандын билим берүү тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 06.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Жогорку билим берүү комиссиясынын төрагасы Мухтар Ахмед менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Уланбек Тотуяев кыргыз тараптын билим берүү тармагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, эки тараптуу негизде окутуунун инновациялык ыкмаларын киргизүүгө, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу үчүн чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары менен байланыштарды түзүүгө умтулгандыгын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү программалары боюнча тажрыйба алмашуу, студенттик жана академиялык алмашуу жана эки тараптуу делегациялардын өз ара иш сапарларын уюштуруу боюнча макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий