• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.04.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек шаардык прокуратуранын кызматкерлери менен бирдикте мектеп окуучуларына жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын жыйынтыгы менен жаш балдар катышкан 354 жол кырсыгы катталып, 412 жаш бала ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу жаш балдар катышкан жол кырсыктарынын саны 39 пайызга азайганы менен бүгүнкү күнү актулдуу бойдон калууда.

Ошондуктан милициянын кайгуул кызматкерлери шаардык прокуратуранын кызматкерлери менен бирдикте Бишкек шаарынын төрт районундагы №38, №25, жана №10 жалпы билим берүүчү орто мектептерге барып, алгачкы класстын окуучуларына жол эрежелерин сактоо боюнча үгүт иштерин жүргүзүштү.

Сабактын жүрүшүндө мектеп окуучуларына үйдөн чыккандан тартып, мектепке келип кетчү аралыкта жөө жүргүнчүлөр үчүн орнотулган жол белгилерине баш ийүү, жол чырактан жана жөө өтмөктөн өтүүдө эки жакты карап, унаанын келүүсүнө көңүл буруу жана унаа каттоочу чоң жолдун ортосун эч убакта кесип өтпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле окуучулар үчүн даярдалган видео роликтер көргөзүлүп, жол эрежелерин сактоо боюнча эскертме журналдар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий