• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Шопоковдун элесине бокс боюнча турнир өтөт

Спорт 0

Бишкек, 15.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 31-январда аялдар жана эркектер арасында бокс боюнча эл аралык турнир өтөт. Ал Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналат.

Бардыгы болуп эркектер (49 кг- 52 кг- 56 кг-60 кг- 64 кг- 69 кг- 75 кг- 81 кг- 91 кг чейин, 91 кг өйдө ) жана аялдар арасында (51 кг-60 кг- 75 кг чейин) 13 жуп медаль ойнотулат.

Мелдеш Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналып жана жаштар арасында боксту жайылтуу болуп саналат.

Турнирдин уюштуруучулары - Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана КР бокс боюнча улуттук федерациясы.

Пикир

Оставить комментарий