• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте өспүрүмдөр футболу боюнча шаардын биринчилигинин жеңүүчүлөрү сыйланды

Спорт 0

Бишкек, 22.12.20. /Кабар/. Бишкектин "Чемпион" борборунда өспүрүмдөр арасында футбол боюнча шаардын биринчилигинин жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Сыйлыктар шаардык футбол клубдарынын 10-16 жаштагы 60 футболчусуна тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземине Бишкек шаары боюнча футбол федерациясынын аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Мелис Кошалиев, "Дордой", "Абдыш-Ата", "Илбирс" футболдук клубдарынын өкүлдөрү, Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директорунун орун басары Юрий Ковалев катышты.

Пикир

Оставить комментарий