• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте таштанды үчүн карызы барларга рейд жүрүп, 181 миң сом чогултулду

Коом 0

Бишкек, 30.11.23./Кабар/. Бишкекте бир жылдан ашык убакыттан бери катуу тиричилик таштандылары үчүн карызын төлөбөгөн жарандарга рейд жүрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери карызы бар жарандардын дарбазаларына жана тосмолоруна "Тазалык сенден башталат" деген жазуу чапташты.

Натыйжада 120 абоненттен 181 миң 153 сом чогултулган. Мындай рейддер жума сайын өткөрүлүп турат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында шаар тургундарынын жана ишкердик субъекттеринин "Тазалык" муниципалдык ишканасына болгон карызы 185 млн сомдон ашат.

Пикир

Оставить комментарий