• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте өткөн Il Элдик курултайдан фоторепортаж

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23./Кабар/. Бишкекте 15-16-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен өткөн экинчи Элдик курултай өз ишин аяктады.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700 делегат, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттардан жана диний конфессиялардан өкүлдөр катышты.

Курултайдын жүрүшүндө өлкөнүн бардык райондорунан келген делегаттар коңшу өлкөлөр менен болгон чек ара, билим берүү, таза ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу, айыл чарба, сот системасындагы көйгөйлөр, мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөр, райондор ортосундагы талаш жайыттар, экология, ички жолдордун абалы ж. б. маселелерди көтөрүштү.

Мындан тышкары жыйындын делегаттары президент Садыр Жапаровдун кадрларды ротациялоо боюнча учурдагы саясатын канааттануу менен белгилеп, коррупцияга шектелгендер четтетилип жатканын, адистер менен алмашуу аркылуу айыл өкмөттөрдүн ортосунда тажрыйба алмашуу жүрүп жатканын белгилешти. Ошондой эле Курултайдын катышуучулары өлкөдө, тактап айтканда социалдык-экономикалык сектордо жүргүзүлүп жаткан реформалар үчүн бийликке ыраазычылык билдиришти.

Курултайды жыйынтыктап жатып, президент Садыр Жапаров делегаттар тарабынан көтөрүлгөн темалар кайсы баскычта чечилип жатканын кеңири айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий