• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте унааны каттоо боюнча экинчи калкты тейлөө борбору иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Бишкектин Элебесов көчөсү, 206 дарегинде транспорт каражаттарын каттоо боюнча экинчи калкты тейлөө борбору иштей баштады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Борбор “бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштейт. Бул жерден ар бир кыргызстандык катталган жерине карабастан өз унаасын каттай алат. Бардык транспорт каражаттарын эсепке алуу жана каттоо процесстери автоматташтырылган жана жалпы тутумга интеграцияланган.

Транспорт каражаттарын каттоо боюнча калкты тейлөө борборунун ачылыш аземинде “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директору Рустам Жокоев сөз сүйлөп, калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана кезек менен көйгөйлөрдү чечүү үчүн шаардын батыш бөлүгүндө транспорт каражаттарын каттоо боюнча үчүнчү калкты тейлөө борборунун ачуу мерчемделип жатканын айтты.

Транспорт каражаттарын каттоо боюнча калкты тейлөө борборунун жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзөт. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн кондиционер тутуму орнотулган, электрондук кезек күтүү, маалымдоо стенди жана күтүү бөлмөсү каралган. Банктардын кассалары иштейт, ошондой эле төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн терминалдар орнотулган. Паркинг аянты 200 унаага ылайыкталган.

Сынак залы видеобайкоо камерасы менен жабдылган, ал эми практикалык экзамендерди кабыл алуу автодромдо чыныгы жол шартына мүмкүн болушунча жакын режимде жүргүзүлөт.

Транспорт каражаттарын каттоо боюнча калкты тейлөө борборунда автоунааларды каттоо үчүн 10 кабинка, айдоочулук күбөлүктү тариздөө үчүн үч кабинка иштейт. Кошумча даяр документтерди жана мамлекеттик номер белгилерин берүү үчүн өзүнчө кабинка жайгаштырылган. Транспорт каражаттарын каттоо боюнча калкты тейлөө борбору күнүнө 300гө чейин унаа сүйүүчүлөргө кызмат көрсөтө алат.

Пикир

Оставить комментарий