• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Т.Айтматов менен Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде 25 жаштагы Т.А. аттуу эркек киши колуна бычак кармап алып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Жерине 7 куткаруучу, милиция кызматкерлери, тез жардам кызматы жана туугандарынан 2 адам тартылган.

Куткаруучулар туугандары менен биргеликте жогоруда аталган адамды өз өмүрүнө кол салуудан сактап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий