• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жаңы жыл алдындагы Santa Run жарышы өттү

Спорт 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Бишкекте өткөн дем алыш күндөрү жаңы жылдын алдында салтка айланган Santa Run жеңил атлетикалык жарышы өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, майрамдык жарышта 900гө жакын спорт күйөрмандары 2 чакырым, 4 чакырым жана 6 чакырым аралыкты басып өттү.

Бирок спорттук иш-чарада жеңүүчүлөр аныкталган жок жана ар бир финишчи медаль алды.

Белгилей кетсек, жарыштын ачылыш аземине мэрдин орун басары Виктория Мозгачева катышты.

"Спорттук иш-чараны Nomad Sport уюштурду", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий