• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жакында таштанды иргөөчү пункт ачылат

Коом 0

Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. Бишкекте жакында таштанды иргөөчү пункт ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи май акимчилиги менен "Бекен Дос" ЖЧКсы катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу келишимине кол коюшту.

"Ишкананын келишиминин алкагында 5 жылдык мөөнөткө Панфилов көчөсүндөгү №188/2 дарегине 147,12 чарчы метр аянттагы катуу таштандыларды сорттоочу пунктту куруу жана иштетүү үчүн жер тилкеси ижарага берилген. Аталган пункт учурда бул жерде иштеп жаткан таштанды контейнерлерин алмаштырат", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, тараптар таштанды сорттоочу пунктту ушул жылдын аягына чейин курууну макулдашты.

Пунктту курууга каражатты "Бекен Дос" ЖЧКсы атынан жеке өнөктөш бөлүп берет, ал бөлүнгөн жерди өз максатына ылайык пайдаланууга милдеттемени алат.

Жер тилкеси жана зарыл уруксат кагаздары акимчилик аркылуу берилет.

Белгилей кетсек, пилоттук долбоорду ишке ашыруу шаардык бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылбайт.

Пикир

Оставить комментарий