• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жөө күлүктөр арасында жарым марафон өтөт

Спорт 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Бишкекте XXII Олимпиада оюндарынын коло медалдын ээси, жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган жарым марафон өтөт.

Муниципалитеттен кабарлашкандай, спорттук жарыш 24-сентябрда саат 08:00дө "Газпром" спорттук-эс алуу комплексинен Жайыл-Баатыр №66 көч., старт алат.

Ага ар кайсы өлкөлөрдөн кесипкөй спортчулар жана жөө күлүктөр катышат. Алар: 21 км 97 м, 10000 м, 3000 м, скандинавтык басуу: 10000 м жана 3000 м аралыктарга катышат. Жарыштын катышуучулары ошол эле жерде марага чыгышат.

Жарым марафонду Бишкек шаарынын мэриясы, КРнын Жеңил атлетика федерациясы, "Эл аралык марафондун дирекциясы" коомдук бирикмеси жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы уюштурууда.

Марафон тууралуу толук маалымат: runthesilkroad.com сайтында

Байланыш телефону: +996 550 33 99 70.

Пикир

Оставить комментарий