• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкек мэри жол эрежесин сактабаган автобус айдоочуларын иштен бошотууну тапшырды

Коом 0

Бишкек, 19.11.23./Кабар/. Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында коомдук транспорттун көйгөйлөрүн чечүү максатында жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында мэр Бишкек шаарынын автобустарында накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди сынга алып, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга аракетсиздик кылган ишкана жетекчилигине тиешелүү жаза чараларын көрүүнү, ошондой эле жол эрежесин жана ылдамдыкты сактабаган, баарлашуу маданиятын сактабаган жана жүргүнчүлөргө кайрылуунун этикеттерин бузган айдоочуларды жумуштан бошотууга чейинки чараларды көрүүнү тапшырды.

Жыйында ошондой эле 15-ноябрда жол кырсыгына кабылган №48 автобустун маселеси көтөрүлүп, жабыркаган жүргүнчүлөрдүн абалы, автобусту калыбына келтирүү, транспорт ишканаларынын жетекчилери менен айдоочунун жоопкерчилиги каралды.

Мындан тышкары жол кырсыктарын болтурбоо жана айдоочуларды жол эрежесин сактоого мажбурлоо маселелери көтөрүлүп, автобустардын ылдамдыгын чектеген, жүргүнчүлөрдү эсептеген жана айдоочулардын жол кыймылын көзөмөлдөгөн жаңы программалык камсыздоону орнотуу боюнча тапшырмалар коюлган.

Жыйындын жыйынтыгында накталай эмес төлөмдөрдү көзөмөлдөө, анын ичинде ар бир автобуска контролерлорду алуу боюнча бир катар сунуштар айтылып, салондун тазалыгы, айдоочулардын (формалардын) тыкан сырткы көрүнүшү да көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, жыйынга мэрдин орун басары Максатбек Сазыкулов, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Уезбаев, "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы" муниципалдык ишканасынын директору Бакыт Темикеев, Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Талант Капаров, ошондой эле алардын орун басарлары катышты.

Пикир

Оставить комментарий