• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 19.11.23./Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрдан 21-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол–Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарыл.

Пикир

Оставить комментарий