• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жол кырсыгынан "Бишкексууканалдын" эки кызматкери жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 07.05.22. /Кабар/. Бүгүн, саат 10:30да Виноградная жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, анда "Бишкексууканал" башкармалыгынын эки кызматкери жабыркаган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, авариялык бригада көчөдөгү канализациялык системада тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда айдоочу эки кызматкерди коюп кеткен. Жерине Тез жардам жана Милициянын кайгуул кызматы чакыртылган. Жабыркагандар шаардагы №4 ооруканага жеткирилген.

"Жумуштар унаа жүргөн тилкеде жүргүзүлгөн эмес жана жумушчулар атайын форма жана сигналдык жилет кийген", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий