• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте жол жээгинде мыйзамсыз бензин саткандарга айып салынды

Коом 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Бишкекте жол жээгинде мыйзамсыз бензин саткандарга айып салынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардын Профсоюз көчөсүн бойлой Фучиктен Патрис Лумумба көчөсүнө чейинки аралыгында мыйзамсыз бензин сатуу пункттарына рейд жүрдү.

Мыйзамсыз бензин саткан жарандарга КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 434-беренеси боюнча 18 миң сомго 6 административдик протокол түзүлдү. Жыл башынан бери 90 миң сомго 30га жакын протокол түзүлгөн.

Рейддин соңунда мыйзамсыз каражаттардын ээлерине КР мыйзамдарын бузуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий