• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жыл башынан бери таштанды чыгаруу боюнча 3,3 млн сомдук келишим түзүлгөн

Коом 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан ишканалар менен катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча келишим түзүү зарылчылыгы боюнча чарбалык субъекттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, чарбалык субъектилерди инвентаризациялоодо Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча 1455 арыз түшкөн. Натыйжада жалпы суммасы 3 млн 293 миң сомдук 365 келишим түзүлгөн.

Белгилей кетсек, борборду көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, шаарда иш алып барган жеке жана юридикалык жактар, башка чарба жүргүзүүчү субъекттер, анын ичинде жеке турак жайлардын, көп батирлүү турак жайлардагы турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, катуу калдыктарды чыгаруу, аларды сорттоо, зыянсыздандыруу жана кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу адистештирилген ишканалар менен келишимдик мамилелери бар «Тазалык» МИсы же катуу калдыктарды чыгаруу боюнча башка келишимдик адистештирилген ишканалар менен катуу калдыктарды чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, жана аларды кийин иштетүү талап кылынат.

Ошондой эле муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир адам күн сайын өз аймагынын айланасында тазалыкты камсыздаш керектигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий