• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги жаңы конушка тез жардам станциясы курулат

Коом 0

Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы тез жардам станциясынын курулуш иштерине тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, пландалып жаткан сумма 14 млн 676 миң 313 сом, сынактык билдирүүлөрдү берүүнүн мөөнөтү 23-майга чейин.

Аталган объект "Ак-Өргө" конушунун Ашар көчөсүндө жайгашмакчы.

Пикир

Оставить комментарий