• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектен Москвага кошумча жаңы авиакаттам ачылды

Коом 0

Бишкек, 01.05.23./Кабар/. Бишкектен Москвага үзгүлтүксүз каттамдардын саны көбөйдү, деп билдирет "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы.

2023-жылдын 30-апрелинде Бишкекке «Аэро Номад» авиакомпаниясынын биринчи туруктуу каттамы учуп келген (Бишкек–Москва–Бишкек).

Авиакаттамдар Airbus 320 учагы менен жумасына эки жолу - шаршемби жана жума күндөрү Внуково аэропортуна аткарылат.

Маалымат катары: Авиакомпания Бишкек жана Ош шаарларынан төмөнкү багыттарга туруктуу жана чартердик каттамдарды аткарат: Москва, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Сургут, Дели, Лахор, Исламабад, Анталия.

Пикир

Оставить комментарий