• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектен Жалал-Абад шаарына кошумча авиакаттамдар ачылды

Аймак 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. 2022-жылдын 19-августунан тарта Бишкек – Жалал-Абад – Бишкек багыты боюнча жаңы туруктуу каттамдар ачылды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кошумча авиакаттамдарды "Тез Жет" ата мекендик компаниясы жума жана жекшемби күндөрү аткарып баштады.

Эске салсак, мурда Жалал-Абад шаарына каттамдар жумасына 7 жолу аткарылып келген. Азыркы күндө аба каттамдардын саны 9-га чейин өстү.

Пикир

Оставить комментарий