• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Бишкекжашылчарба” ишканасынын кызматкерлерине Орозо айынын урматына азыктар таратылды

Коом 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын турак-жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев “Нурлуу Кайрымдуу Кыздар” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү менен биргеликте “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин колдоо көрсөтүштү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, шаарды жашылдандыруучу 230 жумушчуга азык-түлүк баштыгы таратылды.

“Азык-түлүк баштыгында эт, курма, чай, кумшекер, май, күрүч, камыр азыктары жана ун бар”,-деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык мэриясы жана “Бишкекжашылчарба” МИ колдоо көрсөткөнү үчүн “Нурлуу Кайрымдуу Кыздар” кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий