• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бюллентенди шайлоо тилкесинен сыртка алып чыккан аял кармалды – БШК

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Ыкчам жооп кайтаруу координациялык тобуна саат 12:30да Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы №5009 шайлоо тилкесинде шайлоочу бюллетенди тилкеден сырткары алып чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган факты видеого түшүп калган.

БШКнын расмий сайтында маалымдалгандай, аталган факты боюнча милиция кызматкерлери жергиликтүү А.С. аттуу тургунду кармашкан (“Ресбулика” партиясынын райондук координаторунун эжеси), ал бюллетенди урнага салбай, чагымчылдык жасоо максатында шайлоо тилкесинен алып чыгып кеткен.

Кармалган аял камерага окуя тууралуу айтып, мындай кадамга Бабановдун пайдасына добуш берүүдө шайлоо тилкесиндеги өкүлдөрдүн көрсөткөн тоскоолдуктарынан улам баргандыгын айткан.

Чогултулган материалдар укук коргоо органдарына териштирүү максатында өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, “Кабар” агенттигине Ош ИИБнен кабарлашкандай, аталган факты дыкат текшерилет. Эгерде видеодо адамдардын жүздөрүн көрүүгө мүмкүн болбосо, анда бул чагымчылдык болушу толук ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий