• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бюллетенге бардык 13 талапкердин аты киргизилип, негизинде 12 талапкер калды - БШК

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 06.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Шайлоо бюллетенине 13 талапкердин аты-жөнү киргизилди. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайыма Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал бүгүн президенттикке талапкерлердин саны 12 экенин, бир талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу арызын жазганын эскертти.

“Анткен менен бюллетенге 13 талапкердин аты киргизилди”, - деди ал.

Ошондой эле Шайлдабекова быйыл ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн добуш берүү шарттары түзүлгөнүн айтып берди. Мисалы, анын айтымында, азиздер үчүн трафареттер чыгарылган, ал эми көрүүсү начарларга лупалар сунушталат.

“Мындан тышкары, “Коңшуңду шайлоого ала кел” акциясы башталат. Бул программа адамдар шайлоо тилкесине өзү келе албаган коңшуларына жардам берүүсүнө багытталган”,-деди ал.

БШК башчысы билдиргендей, мындан тышкары аскер кызматкерлери, курсанттар жана убактылуу кармоочу жайларындагы жана тергөө абактарындагылар арасында сапаттуу маалыматтык кампания жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий