• 88.68
  • 95
  • 0.95

Боом капчыгайында кайрадан сел жүрдү

Кырсык 0


Бишкек, 01.08.22 /Кабар/. Боом капчыгайында кайрадан сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-августта саат 14:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суулары Бишкек-Балыкчы-Каракол унаа жолунун 145-146 жана 155-156-чакырымдарындагы жолду каптаган.

Учурда жол бир тараптуу ачык. Жерине тактоо жана тазалоо иштерин жүргүзүүгө 3 куткаруучу, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий