• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл Нарын — Баетов унаа жолунун 36 чакырым аралыгы оңдолот

Аймак 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Мамлекеттик маанидеги Нарын — Баетов унаа жолун оңдоо иштери кызыды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда унаа жолдун 9-14-чакырым аралыгында жер иштери жүрүп, жол кеңейтилип, асфальт төшөөгө даярдалып жатат. Ал эми 115-120-чакырым аралыгында 1250 метр жабык дренаж жасалып, азыркы тапта түтүктөрдү орнотуу менен жолду таптоо жана кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Жол куруу иштерин "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын№ 1 Жол курулуш башкармалыгынын кызматкерлери атайын тартылган техникалар менен аткарышууда.

"Мамлекеттик маанидеги Нарын — Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Быйыл анын 36 чакырымын оңдоо каралган", - деп айтылат Транспорт министрлигинин маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий