• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй: Жол кырсыгында унаага кыпчылып калган жаран куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Чүйдө жол кырсыгында унаага кыпчылып калган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-апрелде Ысык-Ата районунун Киргшелк айылынын Ленин көчөсүндө Mercedes-Benz Sprinter жана BMW үлгүлөрүндөгү унаалар кагылышкан.

Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин 4 куткаруучусу тартылып, BMW үлгүсүндөгү унаанын ичинде кыпчылып калган эркек кишини чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий