• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүйдө айдоочусу рулду башкара албай жеңил унаа сууга түшүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Чүйдө айдоочусу рулду башкара албай жеңил унаа сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 31-октябрда Ысык-Ата районуна караштуу Люксембург айылында Чоң Чүй каналына “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып сууга түшүп кеткен.

Жерине ӨКМдин 4 куткаруучусу тартылып, унааны суудан сүйрөтүп чыгарышкан.

Унаада эки адам болгон, алар жабыркаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий