• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" Лотерея 26-июндан 1-июлга чейин ойнотулат

Коом 0

Бишкек, 21.06.23. /Кабар/. 2023-жылдын 26-июнунан 1-июлуна чейин Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын биринчи турун өткөрөт.

Ведомстводон билдиришкендей, биринчи этаптын байге фондунда 1183 баалуу байге бар, анын ичинде 10 электромобиль, Дубайга эки кишилик 3 жолдомо, 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 20 фен бар.

26-июндан 30-июнга чейин Салык кызматынын Facebook баракчасында жана YouTub каналында түз эфирде 1170 байге ойнотулат. Күн сайын 234 адам баалуу байгенин ээси болушат.

Негизги иш-чара 1-июлда "Ала-Тоо" аянтында болуп, анда 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат.

Утуш оюну кызыктуу шоу-программа жана эстрада жылдыздары катышкан чоң концерт менен коштолот. Аянтта көрүүчүлөрдү жагымдуу белектер күтөт.

Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү керек. Товарларды же кызматтарды сатып алган сайын, фискалдык модулу бар ККМдин кассалык чегин талап кылып, андан кийин аны тиркеме аркылуу сканерлөө керек.

Ар бир топтолгон 1000 сом үчүн 1 ID-номер ыйгарылат.

Кассалык чек талап кылып, ID-номер топтоңуз жана лотереяга катышыңыз.

Пикир

Оставить комментарий