• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Күйөөсү бычактаган аялдын окуясы. Акыйкатчы жооптуу кызмат адамдарына чара көрүүгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 24.09.23./Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева ооруканага барып, мурдагы күйөөсү бычактаган аялдын абалынан кабар алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, акыйкатчы министрлер кабинетинин башчысын, Жогорку сотту, Башкы прокурорду мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бетин кескилеген аялдын укуктарын сактоону камсыз кылууга жоопкер болгон кызмат адамдарына чара колдонууга чакырат.

Сокулук районунун Селекция айылында болгон үрөй учурган кылмыш - аялдын укугунун өтө оор, болуп көрбөгөндөй бузулган жагдайы болуп саналат.

“Аял бир нече ирет укук коргоо органдарына кайрылып жана мурдагы жолдошу зордуктаганы жөнүндө маалымдаган, ал көмөк, коргоо сураган, бирок ошого карабай өтө оор кылмышка айыпталуучуну үч жылдык мөөнөткө пробация колдонуу менен эркиндикке чыгарып жиберишкен. Сот органдарынын, укук коргоо органдарынын жетекчилиги төбө чачты тик тургузган оор кылмышка жол берген кызмат адамдарына карата катаал чараларды токтоосуз кабыл алууга милдеттүү. Аталган органдардын өздөрүнүн аракетсиздиги, кайдигерлиги менен үрөй учурган кылмышка жол берген ар бир кызматкери жаза алышы керек”, - деп белгиледи акыйкатчы.

24-сентябрда Жамиля Жаманбаева ооруканага барып, жабырлануучунун абалы менен таанышты.

“Балдарынын энесине мындай мыкаачылык менен кылмыш жасаганы үчүн ал эң оор жаза алыш керек”, - деди акыйкатчы.

Акыйкатчы палатада жабырлануучунун бир тууганы менен сүйлөштү.

Аял жашы жете элек балдарынын жан дүйнөсүнүн абалына кабатыр болуп жатат - кичүү уулу бул кылмыштын күбөсү болгон. Аларга тез арада психологиялык көмөк зарыл.

Аялдын бир тууганы акыйкатчыга башка жагдайлар тууралуу дагы айтып берди. Мурдагы жолдошу аялдын кулагын жана мурдун кескенден кийин, бетин да бир нече ирет кескилеген.

Жабырлануучу ооруканада психологиялык көмөк алууда.

“Акыйкатчы институту жабырлануучуга жана анын балдарына зарыл болгон жардамды көрсөтөт”,- деп билдирди акыйкатчы.

Эске сала кетсек, 20-сентябрда милиция Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, бычакталып ооруканага түшкөн аял мурда күйөөсүнө каршы эки жолу арыз жазган.

Биринчиси 2022-жылдын сентябрында, экинчиси 2023-жылдын 31-январында.

Сокулук райондук сотунун чечиминин негизинде шектүү 2023-жылдын 20-ноябрына чейин камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий