• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чет өлкөдө жүргөн 154 кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алган — тизме

COVID - 19 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө чет өлкөдө жүргөн 154 кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов маалымдады.

Анын маалыматына караганда, COVID-19 жуккандардын көбү Россия Федерациясында – 105 адам.

"Бириккен Араб Эмиратында – 7 адам болсо (5 дарыланып чыккан), Пакистанда – 22 (бардыгы ооруканадан чыккан), Индияда – 7 (1 киши каза болгон, 6 ооруканадан чыгарылган), Испанияда – 1 (ооруканадан чыккан), Малайзияда – 3 (ооруканадан чыккан), Америка Кошмо Штатында – 1 (айыгып чыккан), Өзбекстан Республикасында - 1, Грецияда - 1 (ооруканадан чыккан), Казакстан Республикасында – 5 (4 - Бишкекте, 1 –Алматыда дарыланууда), Италияда 1 адам бар", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий