• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чет өлкөлөрдөгү 25 шайлоо тилкеси жабылды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Чет өлкөлөрдөгү Конституция боюнча референдумга добуш берүү үчүн ачылган тилкелердин 25и ишин аяктады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек убактысы боюнча саат 22.00гө карата Россиядагы Түштүк Сахалин, Владивосток, Якутск, Иркутск, Красноярск, Тюмень, Сургут шаарларындагы Кыргызстандын элчилигинин Канцеляриясынын аймагында түзүлгөн, ошондой эле Япониядагы, Кореядагы, Кытайдагы, Малайзиядагы, Казакстандагы, Түркмөнстандагы, Тажикстандагы, Өзбекстандагы, Пакистандагы, Индиядагы, Ирандагы, Азербайжандагы, Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиликтерде, Гуанчжоу, Новосибирск, Алматы, Екатеринбург, Дубай шаарларындагы Башкы консулдуктарда иштеп жаткан 25 шайлоо тилкеси жабылды.

Азыркы учурда, 23 шайлоо тилкесинде добуш берүү өтүп жатат.

Бишкек убактысы боюнча саат 22.00гө референдумга добуш берүүгө келгендердин жалпы саны 3 миң 37 адамды түздү.

Чет өлкөлөрдөгү бардык УШКлардагы референдум мыйзамдардын алкагында жана бардык эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өтүүдө, кандайдыр бир бузуулар байкалган жок.

Эскерте кетсек, Конституция боюнча референдумга добуш берүү чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий