• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чоң-Алайда мал уурдап, ашканага өткөрүп жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Чоң-Алайда малдарды уурдап, ашканага өткөрүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылы 2-январда Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнө И.Б. арыз менен кайрылып, жай мезгилинде Ачык-Суу жайлоосунан 2 баш малы жоголуп кеткенин айтып арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") менен кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары Чоң-Алай районунун 2002-жылы туулган тургуну М.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүү М.Б. 2023-жылдын 11-июль күнү жайлоодон эки баш малды уурдап, досунун “Портер” үлгүсүндөгү унаасына жүктөп, Ош шаарына алып келип, ашкана иштеткен тууганы М.уулу М.га 93 миң сомго сатып жиберген.

М. уулу М. эртеси күнү Ош шаарында жайгашкан атайын мал союучу жайга (убойный) алып барып сойдуруп, малдын этин ашканасында иштетип жиберген. Союлган малдардын биркасы республикалык каттоо тутумуна М.уулу М.нын атына катталганы маалым болгон.

Шектүү бул кылмыш менен эле токтоп калбастан, жайлоодон 3-4 жаштагы биркасы жок буканы уурдап, ошол эле ашкана иштеткен тууганына 42 (кырк эки миң) сомга сатып жибергендиги аныкталды.

Андан сырткары, учурда шектүүнүн дагы башка 7 баш малды уурдагандыгы боюнча ыкчам издөө иш-чаралары уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий