• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

CNN: Флориданын мектебинде 17 адамды өлтүрүүгө айыпталуучу өз күнөөсүн мойнуна алды

Дүйнө 0

Бишкек, 16.02.18 /Антон Кубицкий – Кабар/. Николас Круз шаршемби күнү америкалык Паркленд шаарында мектепте ок атып 17 адамды өлтүргөнүн мойнуна алды. Бул тууралуу CNN телекомпаниясы соттук материалдарга шилтеме кылуу менен билдирди.

“Өзүнүн кайрылуусунда Круз мектептин аймагына AR-15 куралы менне кирип, коридорлордо жана башка бөлмөлөрдө ок чыгарган адам дал өзү болгонун көрсөткөн. Круз мектепке кол салып киргенге чейин кошумча ок-дарыларды ала келгенин билдирген”, - деп телекомпания соттук материалдардын биринен цитата келтирет.

“Круз окуучулар кача баштаганда, анда AR-15, патрондорду жана коргоочу жилетти жоготуп, көпчүлүккө аралашып кетүү планы пайда болгонун мойнуна алды”, - деп айтылат документте. Жаш жигит кечээ сот алдына келип, ага мурда ниет кылынбаган адам өлтүрүүгө 17 пункт боюнча айып тагылган. Крузга соттук териштирүүлөр башталганга чейин күрөөгө чыгууга тыюу салынды.

Белгилүү болгондой, ок чыгарган адам ушул мектепте окуп, тартип бузгандыгы үчүн окуудан чыгарылган. Полиция кызматкерлери аны кырсык болгон жерден болжол менен бир жарым чакырым аралыктан кармашкан. Круз каршылык көрсөткөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий